АЙДОО
– кыртышты соко м‑н коңторуу, майдалоо ж‑а аралаштыруу, аны иштетүүнүн негиз ги ыкмасы; өсүмдүк эгүү үчүн соко м‑н топурагы коңторулуп, жумшартылган жер аянты. Айдаганда топурак коңторулуп, майдаланып, аралашат да, топурактын кыртышы (үстүңкү катмары) А‑нун астына түшүп, астыңкы катмары үстүнө чыгат. Айдалган катмар көпшөк болуп, топурактын аба, ным ж‑а жылуулук режими жакшырат. Аэробдуу микроорганизмдердин тиричилиги жакшырып, орг. заттар чирип, мине рал бирикмелери кычкылданат да, өсүмдүккө сиңимдүү азык заттар көбөйөт. Отоо чөптүн уругу
А‑нун астына түшүп, өнүп чыкпайт. Көптөгөн а. ч. өсүмдүктөрүнүн зыянкечтери м‑н илдеттери жоголот. Өсүмдүк ил детке аз чалдыгат да, жер семирткичти жакшы сиңирип, түшүм арбыйт. Жер түрдүү соко м‑н айдалат. А‑нун түрлөрү: кыртышты соконун калагы м‑н 180°ка коңторуп А., чымдуу жерди соконун калагы м‑н 135°ка оодарып А. Мында топурактын айдал ган катмары 45° бурч б‑ча бири бирине тыгыз жатат. А‑нун бул түрү көп жылдык отоо чөптү толук жок кылбайт, үрөн себүүдө топуракты тырмоо, мал ал оо ж. б. иштер көп талап кылынат. Өздөрүштүрүлгөн A‑до жер тилгичтүү соко м‑н айдалат. Соконун тилгичи кыртыштын үстүңкү катмарын (10‑12 см) астына, ал эми соконун калагы астыңкы катмарын үстүнө таштайт. Бул агротехникалык эрежелерге толук жооп берип, түшүмдү жогорулатат. Эки ярустуу А. 30 см
(үстүнкүсү 15 см, астыңкысы 15 см оодарат) ж‑а 40 см (0‑20 см; 20‑40 см) тереңдикте ярустуу соко м‑н айдалат. А‑нун тереңдиги, убактысы ар бир зонанын топурак‑климаттык шартына, кыртыштын физ. ж‑а биол. абалына ж. б. жа раша болот. Эң кеңири таралганы – тилкелеп А. Мында айдалуучу жер өзүнчө тилкелерге бөлүнүп, соко коңторгон топуракты тилкенин ичин же сыртын карай жыгат. Ичине жыгып А. тилкенин ортосунан, сыртына жыгуусу четинен башталат. Топуракты терең алып, ала калтырбай, өсүмдүк калдыктарын толук көмө жүргүзүлгөн А. сапаттуу деп эсептелинет. Буга мөөнөттү өткөрбөй, сокону алдын ала даярдап, кыртышты биринчи жылы тилкенин ичин, экинчи жылы сыртын карай жыгып А. м‑н жетишүүгө болот. Кырг‑нда бардык А. аянты 1, 118 млн ганы түзөт (2003).
Ад.: Земледелие, под ред. Воробьева С. А. М., 1968; Луръев А. Б. и др. Сельхозмашины. Л., 1983.