АЙВАН
Jump to navigation
Jump to search
(перс. эйван бастырма, иван зал,
ак сарай) – 1) О. Азияда турак жайлардын, ме-
читтердин ж. б. имараттардын алдына улай же
өзүнчө курулган чатыры жайык, түркүктөр м‑н
тирелген бастырма; 2) короонун ичиндеги бир,
эки же үч тарабы ачык, кенен имарат‑зал (Пар-
фия м‑н Сасаниддик Ирандын ак сарайларын-
да, о. кылымдагы О. Азия, Иран, Афганстан
ж. б. өлкөлөрдө мечиттер м‑н ак сарайларда
адамдарды кабыл алуучу жай). Кырг‑ндын аймагында (көбүнчө түштүгүндө) А‑ы бар көп ту рак үйлөр, мечиттер салынган (мис., Сулайман тоосунун этегиндеги мечит). Имараттын ортоңку чатыры купол түрүндө жабылып, капталындагылары кышкы имаратка ылайыкташтырылган. Мындай мечиттер О. Азиянын Самарканд, Бухара ж. б. ш‑ларында да кезигет.
Д. Өмуралиев.