АЙ
– Жердин табигый жандоочусу. Анын массасы Жердикине салыштырганда 81,3 эсе кичине, радиусу 1738 км, Жерге чейин орт. аралыгы 384400 км, перигейде 21000 кмте кыска, апогейде ошончого узун. А. бетиндеги эркин түшүү ылдамдануусу Жердикинен 6 эсе аз, g=162 см/сек2. А‑дын топурагын изилдөө м‑н анын жашы
Жердикиндей эле 4,3 млрд экендиги, жердеги хим. элементтер бар экендиги далилденген. А. өзүнөн жарык чыгарбайт, Күндүн жарыгын чагылдырат. Жерди айлануу учурунда чагылган нур ар кандай фазада (к. Ай фазалары.) болуп турат. А‑дын Жерди бир айлануу мезгили (27,32 жер суткасы) өз огунда айлануу мезгилине барабар болгондуктан, Жер шарынан А‑дын бир бети гана көрүнүп турат. Ал А‑дын көрүнгөн жарым шары деп аталат. Астрономдор А‑дын көрүнбөгөн бетинин картасын ж‑а биринчи А. глобусун 20‑к‑да түзүшкөн. Анын бетинин темпрасы күндүзү өтө жогорулап, экваторунда чак түштө +177°Сге жетет, түнкүсүн өтө суук тартып -153°-173°Сге жетет, орточо темп‑расы 130°Сге жете ысып, жеңил газ молекулалары
км/сек ылдамдыкка жетет ж‑а А. бетиндеги биринчи космостук ылдамдык 1,68 км/секта.
барабар. А‑да Жер сыяктуу атм‑ра, суу болбогондуктан тиричилик да жок, о. эле шамал да болбойт. А‑дын тегиз эмес бетинде метеориттердин ж‑а жанар тоо издери, кратерлер жакшы сакталып, андагы издер ар кандай өлчөмдө бо луп, кээ биринин диаметри 250 кжге жетет. Ошондуктан А‑дын бети көп кратерлүү ж‑а би йик тоолуу рельефтен, чоң таштардан, кум ж‑а борпоң топурактан турат. А‑дагы кратерлердин ирилери жанар тоолордун атылышынан, майдалары метеориттердин түшүшүнөн пайда бол гон. 1959‑ж. сов. «Луна‑3» автоматтык планета аралык станциясы А‑дын көрүнбөгөн бетин сүрөткө тартып келген. Бул космос мейкиндигинен алынган биринчи телесүрөттөр болуп эсептелет. 1969‑ж. АКШ астронавттары Н. Армстронг
м‑н Э. Олдрин А‑га конуп, биринчи кадам жасашкан. Айдын түзүлүшүн, хим.-минералогиялык курамын селенология илими изилдейт.
Ад.: Луна, под. ред. Маркова А. В., М., 1960; Мейсон Б., Мелссон У., М. Лунные породы, 1973.