АЗОТ ОКСИДДЕРИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:26, 11 Апрель (Чын куран) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
 – азоттун кычкылтек м‑н бирикмелери: N20 (чала окиси), N0 (окиси), N02

(кош окиси),N203 (азоттуу ангидрид) ж‑а N2Os (азот ангидриди). N20 – жагымдуу жыты, тат­туураак даамы бар, түссүз газ. – 89°Сде суюк, ал эми t‑91°Cfle катуу абалга өтөт. 0°Сде бир көлөм сууда 1,3 көлөм эрийт. Туруксуз болгондуктан жеңил ажырап, кычкылтек м‑н азотту пайда кылат: 2N20->2N2+02. Ал аммоний нитратын ажыратуудан алынат: NH4N03->N20+2H20. Ме­дицинада анестезия үчүн колдонулат. N0 – түссүз газ, кайноо t‑151,8°C, эрүү t‑163,7°C. Өнөр жай­да электр жаасында аммиакты окистендирүү жо лу м‑н, лабораторияда суюлтулган азот к‑та­сын таза жез металлына таасир этүүдөн алы нат: 3Cu+8HN03=3Cu(N03)2+2N0+4H20. Абада окистенип, күрөң түстөгү N02re айланат, сууда начар эрийт. Жегичтер, к‑талар, суу м‑н реак­цияга кирбейт. Негизинен азот к‑тасын алуу үчүн колдонулат. N02 – күрөң түстөгү, тумчук­тургуч жыты бар газ. – 21,15°Сде күрөң кызыл суюктукка айланат. Сууда эрип, азоттуу ж‑а азот к‑таларын: 2N02+H20<-> HN02+HN03, жегич тер м‑н нитраттарды пайда кылат. Негизинен азот к‑тасын алуу үчүн колдонулат. N203 – ка­димки шартта туруксуз, -3,5°С кайнайт. Суу м‑н реакцияга кирип, азоттуу к‑таны пайда кы лат. Азот ангидриди N205 катуу кристалл, 32,3°Сде эрийт. Суу м‑н реакцияга кирип азот к‑тасын ж‑а жегичтер м‑н реакцияланышып туздарды пайда кылат: N205+H20=2HN03; N205+2Na0H=2NaN03+H20. Күчтүү окистендир­гич болгондуктан көп орг. заттар м‑н да өз ара аракеттенишет. Б. Бегалиева.