АЗОСПЕРМИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:26, 11 Апрель (Чын куран) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
 (а... ж‑а гр. zoon – тирүү жан­дык, sperma – эркек уругу) – эркектин жыныс суюктугунда урук клеткасынын (сперматозоид­дердин) жоктугу. А. жыныс бездери, урук түтүктөрү начар өөрчүгөндө же түрдүү ооруга (котон жара, астынан сезгенүү, жыныс безинин шишиги, кант оорусу, уулануу ж. б.) чалдык­канда пайда болот. Жыныс суюктугун микро скоп м‑н изилдеп текшергенде аныкталып, оорунун себептерине жараша дарылоо жүр­гүзүлөт. А. эркектин тукумсуздугунун себебинин бири.