АДЫРАШМАН
Jump to navigation
Jump to search
(Peganum) – жуп жалбырактуулар тукумундагы өсүмдүк уруусу, көп жылдык чөп. А‑дын 6 түрү белгилүү. Узун тамыры ылдый тик өсөт. Сабагы 25 смге жетет, өтө бутактуу. Жалбырагынын уз. 3‑6 см, майда тилкелүү, гүлү ак же саргыч, ар бир бутагынын учунда 2 -3 төн жайгашкан. Мөмөсү – тоголок кутуча, май, июлда гүлдөп, августта уругу бышат, уругу кара күрөң түстө. Топурагы шор өрөөндөрдө, короо айланасында, такырларда өсөт. Уругунан гармин, гармалин алкалоиди алынат. Мал жебейт. Кырг‑ндын көп жеринде кадимки А. өсөт. Кургакчылыкка өтө чыдамдуу. Илгертеден эл арасында дарылыкка
пайдаланышкан, өзгөчө малдын котурун дарылоодо колдонулат. Тумоологон адам жаткан бөлмөнүн абасын тазартуу үчүн А‑ды түтөтөт.