АДСОРБЦИЯ
(лат. ad – үстүнө, sorbere – соруу, сиңирүү) – эриген же газ абалындагы заттар дын (адсорбаттын) суюктуктун же катуу заттын (адсорбенттин) бетине сиңиши. Адсорбат м‑н адсорбенттин молекуласынын өз ара аракеттенишүү мүнөзүнө жараша ф и з. А. ж‑а хемосорбция болуп бөлүнөт. Физ. А‑да адсорбат м‑н адсорбенттин молекулаларынын өз ара аракеттенишүүсү өтө начар болот. Хемо
сорбция убагында адсорбат м‑н адсорбенттин ортосунда реакция жүрүп, жаңы бирикме пайда болушу мүмкүн. А‑ланган молекулалардын кай ра бөлүнүшү десорбция деп аталат. Белгилүү убакыт бирдигинде А‑ланган (же десорбцияланган) молекулалардын саны А‑нын ылдамдыгын туюнтат. Темп‑ранын жогорулашы А‑ны төмөндөтүп, хемосорбцияны күчөтөт. А. м‑н десорбция ылдамдыгы теңелгенде, А‑лык тең салмактуулук пайда болот. А‑ланган молекулалар кээде десорбцияланганга чейин адсорбитенттин бетине кармалып турган мезгил А. убактысы деп аталат. Адсорбанттын концентсы же басымы көбөйгөндө адсорбанттын молекуласынын адсорбенттин бетине жабышуусу тездейт, ага байланыштуу А. ылдамдыгы өсөт ж‑a А‑ланган молекуланын тең салмактуулук саны көбөйөт. А. процесси көпчүлүк учурда жылуулук бөлүп чыгарып, ал А. жылуулугу деп аталат. Техникада адсорбент катары активдүү көмүр, А1203, цеолиттер, силикогелдер колдо нулат. Ар кандай газдарды ж‑a суюктуктарды тазалоодо, кургатууда, бөлүүдө (мис., этил спиртин активдүү көмүр аркылуу чыпкалоо), химия өнөр жайында, медицинада, кездеме боёодо, полиграфияда, курулушта ж. б. кеңири колдо нулат.
Ад.: Дубинин М. М. Адсорбция и пористость. М.,1976; Асанов Ү. А., Сатыбалдиев А., Жуманазарова А. 3. Физикалык химия. Б., 2000.