АДГЕЗИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:24, 11 Апрель (Чын куран) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
 (лат. adhaesio – жабышуу, чапта­шуу)– түрдүү тектеги конденсацияланган зат­тардын молекулалары тийишкенде пайда бол гон байланыш. А. молекула аралык аракеттенүү ж‑а хим. байланыш м‑н ишке ашат. А‑лык бе­кемдик заттардын байланыш энергиясына, ти­йишкен беттердин рельефине, фаза аралык бет­тик энергияга, шартына (басым, темп‑pa, уба­кытына ж. б.) жараша болот. А‑лык тийи­шүүнүн бузулушу заттардын бузулушу м‑н кош­толот. Беттери тегиз эмес катуу заттарда тийи­шүү бети аз, ошондуктан А. анча бекем эмес.

Ал эми катуу зат м‑н суюктуктун же аралаш­паган эки суюктук беттери толук тийиппсендик­тен А‑лык байланыш жогору болот. Катуу зат­ты суюк полимер м‑н жапканда полимер чуң­курларга, тешиктерге кирип, ал катканда мех. А. пайда болот. Сапаттуу А‑ны алуу катуу зат тардын жумшак же ийилгич абалында басым алдында жүргүзүлөт. Мис., резина чаптоо, ме­таллды муздак ширетүү, гальваникалык кап­тоо, заттын бетинде кычкыл же сульфид кат­марынын пайда болушу да бекем А‑ны жара­тат. А‑ны жакшыртуу үчүн желимдин же пленка пайда кылуучу полимерлердин кура­мына активдүү кошулмаларды да кошот. Ме­таллды ширетүү, данакерлөө, каңдоо, чайкоо, бетине лак жабуу, чаптоо ж. б. иштер А‑га не­гизделген.
Ад.: Дерягин Б. В., Кротова Н. А,, Смилга

В. П.Адгезия твердых тел. М., 1973; Зимон А. Д. 

Адгезия пыли и порошков. 2‑изд. М., 1976;
Что такое адгезия. М., 1983.