АДВЕКЦИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:24, 11 Апрель (Чын куран) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
 (лат. advectio – жеткирүү) – 1) Me­теорологияда – абанын горизонталдык багыт б‑ча таралышы. Абанын касиеттерине жараша басымдык А., жылуу же муздак А., суу буусунун А‑сы ж. б. деп ажыратылат. А‑нын таасиринен аба ырайы өзгөрөт. Мис., тоңгон кыртыштын үстүнө жылуу аба келсе, туман пайда болот. 2)Геологияда – тоотек катмарларынын тыгыздыгына байланыштуу алардын орун которушу. Тыгыздыгы анча эмес тоотек катмарлары нык тоотектердин үстүнө катмарланса А. жүрөт. Мис., туз катмарлары терриген чөкмөлөрүнүн астында жатып калса, кийин алар сыгылып чыгат.