АГРОТЕХНИКА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:19, 1 Март (Жалган куран) 2022 карата Jortbek (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
(агро..., гр. techn¸ ‒ устаттык, билгичтик) ‒ а. ч. өсүмдүктөрүн өстүрүү ыкмаларынын системасы ж-а дыйканчылык технологиясы. А-нын негизги милдети ‒ эмгек өндүрүмдүүлүгүн арттыруу, аз эмгек каража-тын жумшоо м-­н эгилме өсүмдүктөрдөн мол түшүм алуу. Ал а. ч. өндүрүшүнө илим м-­н алдыӊкы тажрыйбанын жетишкендиктерин киргизүү, а.ч­сын химиялаштыруу, өндүрүш процесстерин комплекстүү механикалаштыруу ж-­а автоматташтыруу аркылуу ишке ашырылат. А. ыкмаларына топурак жумшартуу, жер айдоо, жер семирткич чачуу, үрөндү себүүгө даярдоо, себүү ж-­а тигүү, өсүмдүк өстүрүү, түшүм жыйноо, кар топтоо, о. эле а. ч. өсүмдүктөрүнүн отоо чөптөрүнө, илдеттери м-н зыянкечтерине каршы күрөшү да кирет. Алгачкы замандарда А. өтө жөнөкөй эмгек шайманына ж­-а кол эмгегине негизделген. 19-к-­­да эгилме өсүмдүктү өстүрүүнүн ил. жактан негизделген ыкмалары пайда болду. Бул топурактын күрдүүлүгү, өсүмдүктүн азыктанышы ж-­а жер семирткичти пайдалануу, а. ч. иштерин туура жүргүзүү ж. б. ыкмалары ж­-дөгү А-лык илимди өнүктүргөн окумуштуулардын эмгектерине байланыштуу. 20-кылымдын 20-жылдары трактордун пайда болушу м-­н кээ бир А-лык ыкмалар (жер айдоо, топуракты үрөн себүүгө даярдоо, катар аралыкты жумшартуу, өсүмдүктү кошумча азыктандыруу, пахта жыйноо механикалаштырыл- ган. Эгилме өсүмдүктөн мол түшүм алуу үчүн анын өсүшүнө керек бардык факторлор м­-н камсыз кылуу керек. Бул өз ара байланыштуу ыкмалардан ‒ талааны себүү алдында айдоо, катар аралыкты жумшартуу, себүү алдындагы ж­-а вегетациялык сугаруу, илдет, зыянкечтерден коргоо, түшүмдү жыйноо ж. б. А-лык иштерди комплекст пайдалануу талап кылынат (к. Айдоо). Анын бөлүштүрүлүшү ар бир региондун, зонанын топурагына ж-а к­климаттык өзгөчөлүгүнө жараша жүргүзүлөт. Ар бир зонада өсүмдүктүн өсүшүнө жетишсиз болгон факторго, мис., жаан-­чачыны аз райондордо топуракта нымдын топтолушуна көӊүл бурулат. Жерди туура которуштуруп, өсүмдүктөрдү эгүү м-­н А-лык ыкмалардын натыйжалуулугуна жетишүүгө болот. Которуштуруп айдоо А. м-­н айкалышта жүргүзүлсө мол түшүм алынып, эмгек өндүрүмдүүлүгү жогорулайт ж­-а а. ч. азык-түлүк бирдигине жумшалган чыгым азаят.