АБУ БЕКР КЕЛЕВИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
12:52, 31 Март (Жалган куран) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
 (т. ж. белгисиз – 1366) – 1365–66-ж. Самаркандда болгон сарбадарлардын монголдорго каршы көтөрүлүшүнүн жетекчилеринин бири, самарканддык кол өнөрчү Могол ханы Ильяс кожонун 1365-ж. Мавераннахрга жасаган жортуулунда Самарканд эмиринин аскерлери жеңилип, шаардан качып кеткен. Ошондо Самарканддын А. Б. К. башчылык кыл ган сарбадарлар (фарсча – дарга баш тоскондор) монголдорго каршы көтөрүлүп, аларды чегинүүгө аргасыз кылган. Самаркандда бийлик сарбадар

лардын колуна өтөт. Бирок качып кеткен эмир Хусаин сарбадарларды алдап, көтөрүлүш жетекчилерин, алар м-н бирге А. Б. К-ни да даргага асып өлтүртөт да, Самаркандда өз бийлигин кай ра калыбына келтирген.