АВАРИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
12:51, 31 Март (Жалган куран) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
 (итал. avaria, ар. авар - зыянга учуроо, кыйроо)– ар кандай себептин натыйжасында машина, учуучу аппарат, станок, тех. каражаттардын күтүүсүздөн зыянга учуроосу, бу-
Автострада авариясы.

зулушу. Экологияда А. түшүнүгү чоң мааниге ээ. Ар кандай таасирлердин натыйжасында кандайдыр бир аймактын экол. стандартка жооп бербей жарактан чыгып калышы да А. болуп саналат. Мис., Чернобыль АЭСиндеги А. (1986-ж.
апрель). Радиациялык булгануудан бул аймак (160 миң км2) көп жылдарга колдонуудан чыгып калган. О. эле 1998-ж. май айындагы Барскон суусундагы А-дан да жерг. калкка ж-а аймакка бир топ залака тийген, к. Барскон кырсыгы.