АБДРАЕВ Мукаш

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
12:50, 31 Март (Жалган куран) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
 Мукаш (5. 5. 1920, Чүй обл., Сокулук р-ну, Чоң-Жар айылы – 1978, Фрунзе ) -
АБДРАЕВ18.png

композитор, Кыргыз ССРинин иск-вого эмг. сиң. ишмери, Кыргыз ССРинин эл арт. (1974), Кыргыз ССРинин Токтогул атн. мамл. сыйл. лауреаты (1974), Кыргыз муз. драма театрындагы студиянын скрипка классында (1933), Москвадагы Ипполитов-Иванов атн. муз. окуу жайында (1935–40) окуган. П. Чайковский атн. Москва консерваториясынын теориялык-композитордук бөлүмүн бүтүргөн (1950). А. жылдан Кырг-н композиторлор союзунун Башкармасынын председатели, 1950-58-ж. М. Күрөңкөев атн. муз. окуу жайында педагог, Кыргыз кыз-келиндер пед. ин-тунун кафедра башчысы (1962-67), Б. Бейшеналиева атн. Кыргыз мамл. иск-во ин-тунун компози
ция кафедрасынын башчысы (1975), проф. (1973). А-дин чыг-лык иши 1940-ж. башталган. Ал өзүнүн талантын бардык муз. жанрларда көрсөтө алган. Хор жанрын өнүктүрүүгө да көп көңүл бурган. Хорлору көбүнчө мекен, эмгек, достук, жаштык темаларына арналган (мис., «Кыргызстан жөнүндө ыр», «Кыргызстан жаштары» ж. б.). 200гө жакын лирикалык ырларды («Азгырба, мени алдаба», «Студенткага» ж. б.) чыгарган. А. кыргыз музыкасында романс жанрынын өсүшүнө да өз салымын кошту. Анын «Жалыныңа күйгөмүн», «Сүйгөнүм» ж. б. кыргыз романстарынын мыкты үлгүлөрүнөн болуп калды. Композитордун балдар үчүн да ырлары («Бешик ыры», «Ой, балапан», «Тынчтыкты мен да сүйөмүн» ж. б.) бар. А-дин чыг-лыгында кантата, оратория, вокалдык-симф. поэмалар ж-а симф. музыка негизги орунду ээлейт. Анын «Жаш жүрөктөр» (1953), «Токтогул» (1956), «Олжобай менен Кишимжан» (1963) опералары кыргыз опера өнөрүнүн кенчине айланды. А. Малдыбаев, А. Тулеев, А. Аманбаев м-н бирге «Ким кантти?» комедиясына (1943), А. Түлеев м-н бирге «Жапалак Жатпасов», «Курманбек» драмаларына (1944) музыка жазган. Ондогон аспаптык чыгармалары да бар. А. «Токтогул композитор» (Б. Алагушов м-н бирге), «Октябрдын нуру менен» аттуу монографиялык эмгектердин, 6-, 7-8-класстар үчүн «Ырдоо», «Музыка» ат туу окуу китептеринин автору. Композитордун «Ырлар» (1958), «Менин мекеним» (1968), «Тандалган хорлор» (1970) ж. б. обондуу ыр жыйнактары жарык көрдү. А. Кыргыз ССР Жогорку Советинин 7-8-шайланышынын депутаты болгон. Эмгек Кызыл Туу ж-а «Ардак Белгиси» ордендери м-н сыйланган. А-дин ысымы Биш кек ш-ндагы Респ-калык адистештирилген муз. мектеп-интернатка берилген.
Ад.: Кыргыз композиторлору. Ф., 1964.
Б. Алагушов.