АБА ЫРАЙЫН БОЛЖОО

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
12:50, 31 Март (Жалган куран) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
, прогноздоо (гр. prognosis – алдын алуу, билүү) – атм-дагы про цесстерге талдоо жасоонун негизинде аба ырайы абалын күн мурунтан аныктоо. Абанын өзгөрүшүнө жараша к ы с к а (1–2 күнгө) ж-a у з а к (3–10 күн, ай, сезон ж-a бир жылга) мөөнөткө байкоо жүргүзүлөт. А. ы. б. ар бир пункт, трас са (мис., авиация үчүн), аймак б-ча аныкталат. Абанын темп-расы, күндүн ачык же бүркөктүгү, жаан-чачын, шамал, бороон-чапкын, күн күркүрөө, үшүк ж. б. кубулуштар тууралуу маалыматтардын түрүнө карай жалпы ж-a кошумча өзгөрүштөрдү билдирүүчү а т а й ы А. ы. б. болуп бөлүнөт (мис., авиация үчүн күндүн ачыктыгы, булуттун төмөнкү ж-a жогорку чектери, шамалдын багыты ж-a ылдамдыгы, а. ч. үчүн жаан-чачындын болушу, сууктун түшүшү, үшүк же кургакчылыктын күтүлүшү ж. б., темир жол транспорту үчүн кардын, нөшөр жаандын, борошонун болушу). Болжоо 3 түрлүү: синоп тикалык А. ы. б. – метеорол. станциялар м-н жердин жасалма спутниктеринен алын-

ган маалыматтардын негизинде түзүлгөн синоптикалык картаны пайдалануу аркылуу, ж е ргиликтүү белгилер б-ча А. ы. б. байкоолор жүргүзүлгөн белгилүү бир пункттагы аба ырайынын өзгөрүшүнүн негизинде, статистикалыкА. ы. б. – белгилүү бир жерлердеги аба ырайынын өзгөрүшү, табигый кубулуштар ж-а аба ырайынын өткөндөгүсү м-н алдындагысынын аралыгындагы статистикалык байланышты пайдалануунун негизин де жүргүзүлөт.