АЯЗ КАЛА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:22, 20 Февраль (Бирдин айы) 2022 карата 556-684>KadyrM тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
 ‒ кушан мад-тына таандык археол. эстеликтер тобу. Арал деӊизинен 200 км жерде, Аму-Дарыянын оӊ жагындагы Аязкала деп аталган асканын этегинде жайгашкан. Алгач 1939‒40-ж. С. П. Толстов жетекчилик кылган Хорезм археол. эскпедициясы изилдеген. А. сепилиндеги мунаралардын үчөө азыр да сакталып турат. Алардын алгачкысы А.-3 сепили. Ал байыркы Хорезм ш-нан кем эмес, мунаралары м-н аламан жолдору көп, мыкты чептер м-н курчалган. Сепилдин ички жагында чоӊ сарайлардын орду сакталган. А.-2 сепили кушан доорунда (б. з. ч. 3‒2-к.) салынып, 5‒7-к-да кайра жаӊыртылган. А.-1 сепили асканын башына салынган. Мында чек арасы күзөтүп турган, кушан мамлекетинин чакан аскери жайгашкан коргондун калдыгы байкалат. Казуу учурунда кушан карапалары, эмгек куралдары, тыйындар, темир канжар, бычак, найзанын, жебенин учтары, колодон, алтындан жасалган буюмдар табылган.