АКСИОМАТИКА ЫКМАСЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
21:27, 25 Январь (Үчтүн айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 revision imported) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
 ‒ кандайдыр бир ил. теорияны түзүү ыкмасы. Бул ыкманын негизинде теориянын аксиомалары деп аталган теория 

нын негизги баштапкы жоболорунун жардамы м-н анын калган сүйлөмдөрүнүн бардыгы аксиомалардын логикалык жыйынтыгы катары алынат. Ал адегенде Евклиддин «Башталыштарында» (б. з. ч. 300-ж.) геометрия негизделгенде жарык көргөн. Н. И. Лобачевский ж-а Я. Больяйдын 19-к-дын башында Евклиддик эмес геометрияны ачышы анын өнүгүшүнө түрткү берген. А. ы-нын негизинде элементардык геометриянын логикалык модели тургузулган (М. Паша, Дж. Пеано, Д. Гильберт). Анын жаӊы деӊгээлдеги өнүгүшү Д. Гильберт негиздеген математиканын негиздериндеги формализм методуна таянган, ал топологияга да таркаган. А. ы. каалагандай көптүктө топологиянын аксиоматикалык аныкталышы, топологиялык мейкиндиктин өлчөмү dim, ind, lnd‒ аксиоматикалык аныкталыштары ж. б.
Ад.: Александров П.С., Пасынков Б. А. Введение в теорию размерности. М., 1973. А. А. Чекеев.