БАДМИНТОН

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
01:16, 20 Февраль (Бирдин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
‒ волан (пластмасса же чачылуу топ) ж-а ракетка м-н ойнолуучу спорт оюну. Ал Байыркы Малайяда пайда болуп, кийин Азиянын башка өлкөлөрүндө ойноло баштаган. Азыркы Б. 1872-ж. биринчи жолу Англиядагы Бадминтон ш-нда ойнолгон (аты ошондон ). Эл аралык федерациясы 1934-ж. уюшулган, ага 50дөй өлкө мүчө. Дүйнөнүн жекече чемпионаты 3 жылда бир өткөрүлөт. Б-ду 2 же 4 киши ойнойт. Оюнчу өз тарабындагы аянтчага воланды түшүрбөстөн, атаандашы тарапка багыттап, аны жыдытат. Тор (бийикт. 1,5 м) м-н бөлүнгөн тегиз аянтчада (экиден ойноодо аянты 13,4´6,1 м, жалгыздан ойноодо ‒ 13,4´5,2 м), көк шиберде, пляжда ойноого ылайыкталгандыктан, азыркы мезгилде кеӊири таралган спорттун түрү. Ойноо техникасы ж-а ыкмасы б-ча тенниске окшош. Шамдагайлыкты, тездикти, чыдамкай лыкты өнүктүрөт.