АФАНАСЬЕВ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АФАНАСЬЕВ Михаил Денисович [07. 01. 1923, Түркстан АССРи, Пишпек уезди (азыркы Чүй облусу, Чүй району), Старая Покровка (азыркы Чүй) айылы ‒ 12. 10. 1986, ошол эле жер) ‒ Советтер Союзунун Баатыры (18. 08. 1945). 1943-жылы Чкалов аскердик авиация мектебин бүтүргөн. Кызыл Армияга 1941-жылы чакырылып, согушка 1943-жылдан катышкан. 807-штурмалоочу авиациалык полкунда (1-Балтика бою фронту, 3-аба армиясы, 206-штурмалоочу авиациялык дивизия) звено командири болуп кызмат өтөгөн.

АФАНАСЬЕВ48.png

1943‒44-жылдары Мелитополь, Севастополь, Тырва, Тарту ж. б. жерлерде салгылашып, 1943-жылдын август айынан 1945-жылдын 1-январына чейин 140 жолу согуштук учуш (бардыгы 149) жасаган. Ушул салгылашууларда М. Д. Афанасьевдин экипажы душмандын 30 танка, 25 трактор-сүйрөгүч, 2 аскер эшелонун ж. б., 300дөн ашык солдат, офицерлерин жок кылган. Ушул эрдиги үчүн Советтер Союзунун Баатыры (№ 8555) наамы ыйгарылган. Ленин, эки Кызыл Туу жана 1-даражадагы Ата Мекендик согуш ордендери менен сыйланган.