Азимут

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:16, 10 Январь (Үчтүн айы) 2024 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЗИМУТ (ар. ас‑сумут – жол, багыт) – байкоо чекитинин меридиан тегиздиги менен ошол че­кит жана байкалып жаткан пункт аркылуу өткөн тик тегиздиктин аралыгындагы бурч (к. сүрөт). Эгер ал географиялык меридиандан эсептел-

О – байкоо жүргүзүү чекити, S – түштүк чекити, N ­түндүк чекити, Z – байкоочунун төбөсүндөгү (асман­дагы) эң бийик чекит (зенит), Е – асмандагы байкалган жарык чыгаруучу нерсе, ZEKO – асмандагы жарык чыгаруучу (Е) же жердеги нерсе аркылуу өтүүчү тик тегиздик, NK – өлчөнө турган азимут, С – жер­бетинде байкалган нерсе.

се – чыныгы же астрономиялык, ал эми магниттик меридиандан эсептелсе, магниттик азимут деп ата­лат. Азимут саат жебесинин айлануу багыты боюнча 0°тан 360°ка чейин (астрономияда түштүктөн батышка, геодезияда түндүктөн чыгышка карай) эсептелет. Азимут бурч өлчөгүч аспаптар (теодолит, компас ж. б.) менен өлчөнөт.