АСКЕР ПАРАДЫ
Jump to navigation
Jump to search
АСКЕР ПАРАДЫ--(лат. раго – даярдап жатамын, даярдоодомун) – мамлекеттик жана аскердик маанилүү окуялардын, расмий мааракелердин урматына согуштук техниканын коштоосунда аскерлердин салтанаттуу өтүүсү. Эң ири Аскер парадынын бири 1945-жылы 24-июнда Москвадагы Кызыл Аянтта фашисттик Германиянын үстүнөн болгон жеңиштин урматына өткөрүлгөн Жеңиш парады болгон. КРде мамлекеттик маанидеги иш-чараларды белгилөөдө өлкөнүн куралдуу күчтөрүнүн катышуусундагы Аскер парады өткөрүлүп турат.