АЛЬБУКАСИС

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:26, 27 -октябрь (Тогуздун айы) 2023 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЛЬБУКАСИС, Альбуказис (орто кылым лат. Albucasis), Аз-Захрави (Абу-аль-Касим Халаф ибн Аббас аз-Захрави) (936-1010 ченде, башка маалымат боюнча 1013) – араб хирургу, орто кылымдын башындагы хирургдардын колдон түшпөс китеби болгон 30 томдук «Китаб аз-Захрави» энциклопедиясынын автору. Ал кан агууну токтотуу ыкмасын, тканды ичеги жиби (азыркы кетгут) менен тигүү, чуркуну операция жолу менен дарылоо, гангренада ампутациялоо ж. б-ларды сунуш кылган. 200дөн ашык хирургиялык аспаптарды сыпаттап жазган.

Ад.: Мирский М. Б. Хирургия от древности до современности. М., 2000.