АЛА-БУКА суусу

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:54, 22 Сентябрь (Аяк оона) 2023 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) (Temirkan moved page АЛА-БУКА 1 to АЛА-БУКА суусу) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЛА-БУКА ‒ Ала-Бука районундагы суу, Касан-Сай суусунун сол куймасы. Узундугу 58 км, алабынын аянты 225 км2. Чаткал кырка тоосунун түштүк-чыгыш капталындагы мөӊгүлөрдөн башталат. Мартта кирип, августта тартылат. Жылдык орточо чыгымы 2,75 м3/сек. Сугатка пайдаланылат. Жээгинде Ала-Бука кыштагы жайгашкан.