АКВАТОРИЯ
Jump to navigation
Jump to search
АКВАТОРИЯ (лат. aqua – суу жана territorium территория) – океандын, деңиздин, суу сактагычтын же порттун белгиленген чегиндеги суу бети (мейкиндиги). Акватория жүк жүктөө жана түшүрүү үчүн кемени токтотууга (порт Акваториясы), кеме курулушунун акыркы жумуштарын бүтүрүүгө жана кеме ремонттоого (завод Акваториясы), техниканы сыноого (суу полигону) пайдаланылат.