АКАДЕМИЯЛЫК ТЕАТР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:37, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: ж‑а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж‑а'>жана</span> (2)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АКАДЕМИЯЛЫК ТЕАТР – театр өнөрүн өнүк­түрүүдө ийгиликтерге жетишкен театрларга бе­рилүүчү ардак наам. 1909‑жылдан бериле баш­таган. Бул ардак наам алгач Москвадагы Чоң жана Кичи театрларга ыйгарылган. А. Малдыба­ев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет теат­рына (1959), Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улут­тук драма театрына (1971), Кыргыз мамлекеттик орус драма театрына (1989), Ош өзбек драма театры­на (2005) Академиялык театр ардак наамы берилген.