АФАНАСЬЕВ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:22, 20 Февраль (Бирдин айы) 2022 карата 556-684>KadyrM тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
 Виталий Аркадьевич (1928, Саратов ‒ 1993, Бишкек) ‒ химик, химия илимд. доктору (1973), проф. (1974), Кыргыз ССР ИАнын корр. мүчөсү (1979). Саратов МУну бүтүргөн
АФАНАСЬЕВ46.png

(1952). Кыргыз ССР ИАнын орг. химия ин-тунда ил. кызматкер, лабор. башчысы, директордун орун басары, директору, КР УИАнын химия ж-а хим. технология ин-тунда бөлүм башчы болуп иштеген. 280ден ашык ил. эмгектин, 28 ойлоп табуунун автору.
Эмг.: Физические методы исследования строения молекул органических соединений. Ф., 1963; Механизмы активации молекул углеводов в условиях кислотно-основного катализа. Ф., 1971.