ДЖАФНА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
18:15, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (3), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (2)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

– тарыхый облус. Шри-Ланка а-нын түндүгүндөгү Джафна ж. а-нда жайгашкан. Байыркы убакта жана о. кылымдарда Д-ны тынчтык менен басып алуу максатында Түш. Индиядан мигранттардын толкуну келген. 13-к-да Ариа Чакраварти династиясынын тушунда Д. аймагында Тамил мамлекети түзүлүп, 16-к-дын башына чейин Сингал мамлекети менен күрөш жүргүзгөн. Д. күчтүү коңшулары – Пандьев мамлекетине, андан кийин Виджаянагар империясына көз каранды болгон. 1505-ж. Д-га португалдыктар келе баштаган. 1542-ж. Д. Португалияга вассалдык көз каранды, 1591-ж. анын протектораты, 1620-ж. колониясына айланган. 1658-ж. ал Нидерланд Ост-Индия компаниясынын көзөмөлүнө өткөн. 1796-ж. Британдык Ост-Индия компаниясынын карамагында турган аймактардын курамына кирген. 1800-жылдан Д. британдык Цейлон колониясынын бир бөлүгү. 1948-ж. тамила калкы менен бирге Д. Түн. провинциянын карамагына өткөн. Д. сингал-тамиль конфлигинин курчушуна маанилүү роль ойногон, тамил азчылыгынын укуктары үчүн күрөшүү борборуна айланып, Шри-Ланканын түн. жана түн.-чыгышындагы Тамил аймактарына автономия берүүнү, экинчиси Шри-Ланкадан бөлүнүп, көз карандысыз Тамил мамлекетин түзүүнү талап кылган.1008