АРАШАН
Jump to navigation
Jump to search
АРАШАН – Чүй облусунун Аламүдүн районундагы кыштак. Арашан айыл округунун борбору. Аламүдүн суусунун сол өйүзүндө, деңиз деңгээлинен 1200 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Лебединовка кыштагынан жана Аламүдүн темир жол бекетинен 27 км түштүк тарапта, 1924-жылы отурукташкан. Калкы 3799 (2009); мал чарбасында, дыйканчылыкта эмгектенет. Орто мектеп, бала бакча, оорукана, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, маданият үйү, турмуш тиричилик комбинатынын бөлүмдөрү, жазуучулардын «Арашан» эс алуу үйү бар.