БАЗАРКУЛОВ Мукаш

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
13:10, 19 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Mariya (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

БАЗАРКУЛОВ Мукаш (5. 6. 1935, Нарын обл., Ак-Талаа р-ну, Саз айылы ‒ 6. 7. 2021, Бишкек) ‒ педагог. КРнын эл мугалими (2005). Мугалимдердин эки жылдык ин-тун (1955), КМУнун филология ф-тин бүтүргөн (1962). 1955‒57-ж. Ак-Талаа р-нундагы «Жаӊы-Тилек», «Саз» жети жылдык мектептеринде мугалим болуп иштеген. 1965-ж. чейин Тогуз-Торо районундагы орто мектепте мугалим, Ак-Талаа р-ндук билим берүү бөлүмүнүн башчысы, Кыргызстан Компартиясынын Ак-Талаа райкомунун уюштуруу бөлүмүнүн башчысы (1965‒68), 1970-ж. КП БКнын инспектору, 1971‒79-ж. партиянын Талас райкомунун экинчи жана биринчи секретары, 1979‒1991-ж. чейин Билим берүү министри болгон. 1991-жылдан Чүй обл. Билим берүү башкармалыгынын башчысы болуп эмгектенген. Кыргыз ССР Жогорку Советине депутат болуп шайланган. Эмгек Кызыл Туу ордени (1973) жана бир нече медалдар менен сыйланган.

БАЗАРКУЛОВ114.png