БАВАРИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:08, 26 Декабрь (Бештин айы) 2023 карата Dilde (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

БАВАРИЯ‒ Германиянын түштүк-чыгышындагы тарыхый облус жана администрациялык аймактык бирдик. Аянты 70,6 миӊ км2. Калкы 12,5 млн (2010). Админ.истрациялык борбору ‒ Мюнхен ш. Ири шаарлары: Нюрнберг, Аугсбург, Регенсбург. «Б.» аталышы 6-к-дын ортосунда азыркы Б. аймагынын көбүн жана андан түш. жана чыгыш жерлерин мекендеген баварлар уруусунун атынан келип чыккан. Бул жерлерде баварлар өзүнүн герцогдугун (Агилольфингдердин тукумунан чыккан герцогдор) түзүшкөн. 788-ж. герцог Тассилон IIIнүн тушунда Бавар герцогдугу жоюлуп, Франк мамлекетинин курамына кирет. 10-к-дын башында Германия королдугунун уруулук герцогдуктарынын бири катары кайрадан калыбына келет. 10‒13-к-да Бавария герцогдугунун аймагы кичирейип, өзү бытырап бөлүнүп кетет. Герцог Альбрехт IVнүн (1467‒1508) бийлиги учурунда кайрадан биригишип, Бавария 16‒17-к-да Германиянын кубаттуу княздыктарынын бири болгон. 18-к-дын акырында Францияга каршы согушка катышат. 1801‒13-ж. Наполеон тарапта болгон. Австрия-Пруссия согушунда 1866-ж. Б. Австрия тарапта болгон, бирок Пруссия менен жашырын коргонуу союзун түзүп, 1871-ж. Германия империясына кирет. Германиядагы 1918-ж-дагы Ноябрь революциясынын натыйжасында Баварияда республика өкмөт түзүлөт. 1919-ж. апрелде башында коммунисттер турган Бавария Советтик Республикасы түзүлөт, бирок ал герман өкмөт тарабынан талкаланып, Веймар конституциясы (1919) боюнча Германиянын жерлеринин бири катарында анын курамына кирет. Ошол эле жылы Баварияда улутчул социалдык (фашисттик) партия түзүлүп, ал фашизмдин башкы очокторунун бири болуп калган. Фашисттик диктатуранын мезгилинде (1933‒45) Б. фашизмдин борбору болгон. Мюнхенде фашисттик партиянын штаб квартирасы жайгашкан. Нюрнбергде бул партиянын съезди өтүп турган. Фашисттик Германия талкалангандан кийин, 1945-ж. Бавария америкалык оккупациянын зонасына кирген. 1949-жылдан Бавария ГФРдин жери катары анын курамында.

                                                                                                                                        Ш. Керимова