АХЕМЕНИДДЕР МАМЛЕКЕТИ
АХЕМЕНИДДЕР МАМЛЕКЕТИ--Ахемениддер династиясынын өкүлдөрү тарабынан түзүлгөн, б. з. ч. 6‒4-к-да өкүм сүргөн мамлекет. Ирандын азыркы Фарс провинциясын мекендеген перс урууларынын падышасы Кир II тарабынан негизделген. Б. з. ч. 553-ж. ал мурда баш ийип келген Мидия мамлекетине каршы аттанып, 550-ж. аны каратат. Кийинки жылы байыркы Эламдын борбору Сузы ш-н, үч жылдан кийин Кичи Азиянын облустары, Лидия падышалыгы, Армения каратылган. 545‒539-ж. аралыгында чыгыш ирандык жана о. азиялык өлкөлөр баш ийдирилген. 539-ж. Вавилония, андан соӊ Сирия, Палестина, Финикия кыйратылган. Кирдин уулу Камбиз IIнин тушунда Египет, Нубия жана Ливиянын бир бөлүгү каратылган. 519‒512-ж. Дарий I тарабынан Эгей деӊизиндеги аралдарды, Фракия, Македония жана Индиянын түн-батышы басып алынган. 6‒к-дын аягына карата мамлекеттин аймагы Чыгыш О. Азия жана Инд д-нан батышта Эгей жана Жер Ортолук деӊизге чейин, түн. Армян тоосунан түш. Нубияга чейинки аралыкка созулган. Каратылган элдер бир нече жолу перс эзүүсүнө каршы көтөрүлүштөргө чыгышкан. 5-к-дын башында перстер гректер менен болгон согуштарда бир катар жеӊилүүлөргө учурайт. Жарым кылымга созулган грек-перс согуштары (500‒449) А. мамлекетинин начарлоосуна алып келген. Б. з. ч. 327-ж. Александр Македонскийдин аскерлеринин соккусу астында кыйраган. Этностук жана социалдык курамы б-ча гана эмес, Ахемениддер империясынын аймактарынын өнүгүү деӊгээли да бир кылка болгон эмес.
Экон. жактан өнүккөн өлкөлөр (Египет, Финикия, Вавилония, Элам жана Кичи Азия) менен катар анын курамына артта калган Балкан ж. а-ндагы аймактар, көчмөн араб, скиф ж. б. уруулар да кирген. Башкаруу жана салык алуу системасын жөнгө салуу үчүн б. з. ч. 519-ж. Дарий I мамлекетти 20 адм.-аймакка — сатрапияга бөлгөн. Аларды башкаруу үчүн дайындалган сатраптар — «падышачылыкты сактоочулар» башкаруу, сот, салык чогултуу иштерин жүргүзүп, сатрапиялардын коопсуздугун камсыз кылышкан. Перс адм. финикиялыктарга, Кичи Азиядагы грек шаарларына автономия беришкен, айрым өлкөлөрдө (Кипр, Финикия, Киликия) жерг. падышалардын династиялык башкаруусун, о. эле арабдардын, колхдордун, сактардын уруу башчыларынын бийлигин калтырып, ички иштерине кийлигишкен эмес. Империянын адм. борбору болгон Сузы ш-нда мамл. башкаруунун борбордук аппараты жайгашып, мындан сырткары Персеполь, Вавилон, Экбатан ш. империянын борб. катарында пайдаланылган. Империядагы мамл. иштер арамей тилинде, мындан сырткары расмий документтерди жазуу жерг. элдердин тилдеринде (мис., Египетте кечегипеттик, Персепольдо элам) да жүргүзүлгөн. А. мамлекетинин армиясы (атчан жана жөө аскерлер) негизинен перстер жана мидиялыктардан турган. Ири жүрүштөргө перстердин кол алдындагы элдер белгилүү санда аскер берүүгө милдеттүү болгон. Деӊиз салгылашуулары финикиялыктардын жана Эгей деӊизинин аралдарынын жашоочуларынын жардамы менен жүргүзүлгөн. Басып алган аймактарда көтөрүлүштөргө жол бербөө үчүн аскер гарнизондору жайгаштырылган. Ахемениддер доорунда искусствонун, архитектуранын көптөгөн шедеврлери жаралган. Алтындан жасалган асем буюмдар, пил сөөгүнөн жасалган ритондор, темир вазалар жана идиштер, лазуриттен жасалган скульптуралык чыгармалар кеӊири тараган. Пасаргада жана Персеполдогу падышалык сарайлар перс архитекту расынын көрүнүктүү эстеликтери болуп саналат.
Ад: Дьяконов М. М. Очерки истории древнего Ирана. М., 1961; Дандамаев М. А., Луконин В. Г., Культура и экономика древнего Ирана. М., 1980; Дандамаев М. А. Политическая история Ахеменидской державы. М., 1985.