АТ СПОРТУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
01:07, 20 Февраль (Бирдин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
атчан аткарылуучу машыгуулар ж-а мелдештер. Негизги түрлөрү: ат үйрөтүү, ат ойнотуу, тоскоолдордон секиртип өтүү, спорттун үч түрү ‒ манежде жүрүү (негизги аллюрларга көнүгүү), талаада сыноо (жолдо жүрүү, стипл-чейз, кросс) ж-а тоскоолдордон өтүү, ат чабыш, атчан аӊ уулоо, волтижировка ж. б. А т ү й р ө т ү ү ‒ түрдүү ат жүрүшүндө (аллюрда) башкаруу чеберчилиги б-ча мелдеши 20‒

40 м же 20‒60 м аянтта (5‒12 мин) созулат. 1912-жылдан Олимпиялык оюндардын программасына кирген. 1966-жылдан дүйнөлүк чемпионат өткөрүлөт. А т о й н о т у у. Чабандес чаап баратып, аттан секирип түшүп, бутун жерге тийгизип кайра ыргып минет, аттын бооруна салаӊдап асылат, таскактаган ат үстүндө мээлегенин жазбай атып, акробатика көнүгүүлөрүн жасап, кайраттуулугун, шамдагайлыгын, күчтүүлүгүн ж-а чеберчилигин көрсөтөт. Ат ойнотуу б-ча 20-к-дан баштап мелдеш өткөрүлүп, кийин кавалеристтерди, атчан спортчуларды даярдоодо колдонулуп келет. Ат ойнотуу жанрына окшош спорттун түрү вольтижировка деп

АТ СПОРТУ37.png

аталат. Т о с к о о л д у к т а р д а н с е к и р т и п ө т ү ү ‒ спортчунун чечкиндүүлүгүн, кеӊири жердеги аллюрда ат башкарууну ж-а ар түрдүү тоскоолдуктардан өтүүдө багытты тез тандап билүүнү талап кылат. Тоскоолдуктар белгилүү А. с-нун талабына ылайык тизилет. Тоскоолдордун бийиктиги, узундугу, туурасы ж-а аралыгы А. с-нун түрүнө ж-а эрежесине байланыштуу болот. Бекем орнотулган таштан ж-а кыштан курулган тоскоолдордун үстүнө чөптөн же чырпыкчалардан төшөлүп, ат жаракат албашы үчүн шарт түзүлөт. О. эле устундар, шыргыйлар аттын буту тийгенде (туягы же тизеси) оӊой эле кулап кеткидей кылып коюлат. Жай мезгилде мелдеш 80‒100 мден кем эмес өлчөмдөгү аянтта, кышында да анча чоӊ эмес, жабык имаратта (20‒30 м манежде) өткөрүлөт. Спорттук көнүгүүнүн үч түрү б-ча мелдеш ‒ А.с-нун эӊ татаал түрүнүн бири. Мында спортчу ж-а аттын жакшы даярдыгы талап кылынат. Азыр А. с-нун үч түрү бар: а) атты негизги программага ылайык таптоо; б) спортко машыктырылган атты кыска программа б-ча таптоо; в) спортко жаӊыдан тартылган атты таптоо. А. с-нун 3 түрүнөн мелдештер өткөрүлөт. Бул спорттун үч түрүнүн бирдей аткарылуучу түрлөрү бар ж-а алар бири биринен аткарылуучу элементтери нин татаалдыгы м-н айырмаланат. Мелдеште ат 1-күнү манежде, 2-күнү талаада, 3-күнү тоскоолдуктан өтөт. А. с-нун Эл аралык федерация сы 1921-ж. түзүлгөн. 1925-жылдан А. с. б-ча бүткүл армиялык, осоавиахимдик (1936), бүткүлсоюздук (1938) мелдештер өткөрүлгөн. Ошондон бери Эл аралык федерация жыл сайын бир катар официалдуу мелдештерди уюштурат. Кырг-нда 1948-жылдан респ-нын биринчилиги үчүн мелдештер өткөрүлүп, А. с. өнүгө баштаган. 1951-ж. Москва ш-нда өткөрүлгөн биринчиликте Ысык-Көлдөгү № 54-жылкы з-дунан «Гвидон» деген аты м-н П. И. Мансуров СССРдин чемпиону наамын алган. Кийинки мезгилде эл аралык ар кандай мелдештерге катышып жеӊишке ээ болгон А. с-нун өкүлдөрү ‒ М. Мурсалимов, В. Хаматов, Ж. Адамкулов, М. Мамытов ж. б-лар. А. с. б-ча атактуу спортчуларды респ-нын спорт мектеби даярдайт. М. К. Саралаев .