АТРОПИН

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:54, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (2), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span>) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АТРОПИН ‒ ит жүзүмдөр тукумундагы өсүмдүктөрдөн (меӊдубана, адырашман, чочко жаӊгак, белладонна ) алынуучу алкалоид. А-дин күкүрт, күкүрт кычкыл туздарынын суудагы эритмелери медицинада жараат, ичеги, өт жолдорунун ооруларына, бронх астмасында, көздү текшерүүдө каректи чоӊойтуу үчүн жана морфин, ацетилхолин ж. б. менен уукканда колдонулат. А. менен ууланганда, көздүн кареги чоӊоюп, тамырдын кагышы тездейт. Бул учурда ууккан адамга алгачкы жардам көрсөтүү (ашказанга суу же активдүү көмүр кошулган суу жүгүртүү) керек.