АТАПАСКАЛАР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:21, 6 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АТАПАСКАЛАР , а т а б а с к а л а р (өздөрүн дене, дине деп аташат) ‒ Түн. Америкадагы атабаск тилинде сүйлөгөн индей элдеринин тобу. Жалпы саны 220 миӊ, анын ичинде 204 миӊи АКШда (2011). Дини христиан (протестанттар,католиктер).

АТАПАСКАЛАР22.png

А. Түн. Чыгыш Азиядан Америкага (б. з. ч. 5‒4 миӊ жылдык) көчүп келгендердин тукумдары. Отурукташуу процессинде Түн. А., Тынч океандык А., Түш. А. болуп, 3 топко бөлүнгөн. Түн. А-га: Чыгыш А. (чипевайан, тацанотин дер же йеллоунайф, слэивдер, догриб, каучадиндер же хэйр, дэнеза же бивер), А. Кордильер (секандары, талтандар, цецаут, кучиндер, карриер, тутчондор, чилкотиндер ж. б.), аляскилик А. (кенайлар же танаймалар, танана, атна, коюкон, ингаликтер, колчан) кирген. Түн. А-дын салттуу мад-ты субарктикалык индейлер үчүн типтүү болгон. Түн. А. башка индейлерден резервацияларга көчүрүлбөстөн, байыртадан мекендеген аймактарда жашагандыгы менен айырмаланган. Тынчокеандык А-га: колумбиялык А. (квамеоква жана клацканайлар), калифорниялык А. (хупа, чилула, вилкут, маттол, бэр-ривер, вайлактар, лассик, като ж. б.), орегондук А. (жогорку умыква, коквилл, частакоста, тутутналар, галис, апылгейт ж. б., о. эле Калифорниянын түндүгүндө жашаган толовалар) таандык. Орегондук А-дын көпчүлүгү 1850-ж. Силен жана Гранд-Ронд резервацияларына көчүрүлгөн. Тынчокеандык А. б. з. 1-чи миӊ жылдыгынын ортосунда Түн. Калифорнияга жана Түш. Орегонго, Түш. А. (апачилер жана навахолор) 14‒15-к-да Субарктикадан АКШнын түш.-батышы на миграцияланган. А-лар негизинен аӊчылык, жер-жемиш жыйноочулук менен кесиптенишип, үстү тери менен жабылган, конус тибиндеги жер үйлөрдө жашашкан. А-дын кийимдеринен шымдары бут кийим менен бириктирилип тигилгендиги менен өзгөчөлөнгөн. А-да 20-к-га чейин энелик уруунун белгилери сакталган.

                                                                                                              Ш. Керимова.