АТАНТАЙ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:16, 6 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АТАНТАЙ Рыскул уулу (19-к-дын 1-жарымын да жашаган) ‒ Нарын аймагындагы кыргыздардын Цинь династиясынын аскерлерин жана Кокон хандыгына каршы боштондук күрөштөрүн жетектегендердин бири. Нарын өрөөнүндөгү чоро саяк уруусунан чыккан элдик баатыр Тайлак баатырдын агасы. А. менен Тайлак 19-к-дын 20-жылдарында Чыгыш Түркстандагы элдердин Кытай империясынын баскынчылык согушуна каршы күрөштөрүн ар тараптан колдоп келишкен. Чыгыш Түркстандагы көтөрүлүштүн башчысы Жааӊгер Кожону кууп келген кытайлык аскерлерди талкалоодо А-дын ролу чоӊ. Андан кийин Кокон хандыгынын басып алуучулук саясатына каршы 1831-ж. Нарын аймагындагы кыргыздардын күрөшүн да А. менен Тайлак жетектешкен.