АТААНДАШТЫК

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
13:49, 6 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АТААНДАШТЫК‒ товар өндүрүүчүнүн өз кызыкчылыгын канааттандыруу, товардын сапатын жакшыртуу, көп пайда табуу максатын көздөгөн экон. эрегишүүсү. А. рынок экономи касы шарттай турган объективдүү мыйзам ченемдүүлүк болуп саналат. Ал эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу, өндүрүш чыгымдарын азайтуу, ил.-тех. прогрессти, экономикадагы уюштуруучулукту, структуралык өзгөрүүлөрдү ыкчамдатуу, жаӊы техниканы жана алдынкы технологияны, жогорку квалификациядагы кадрларды пайдаланууну, о. эле экон. субъекттердин өндүрүмдүү аракеттенүүсүнө зор көмөк көрсөтүүнү, рынок мамилесинде үстөмдүк кылууну шарттайт. Ал эркин, олигополиялык, буюмдук, функциялык, нарктык жана нарктык эмес болуп айырмаланат. Э р к и н А. ‒ товар өндүрүүчү менен керектөөчүнүн базар маалыматтары б-ча олуттуу иш-аракеттери. О л и г о п о л и я л ы к А. ‒ базардын кыйла бөлүгүн ээлөө максатында ири субъекттердин эрегиши. Б у ю м д у к А. ‒ товар өндүрүүчүлөрдүн окшош, бирок кайсы бир сапаты жакшы товар өндүрүшү. Ф у н к- ц и я л ы к А. ‒ керектөөчүнүн талабын канааттандыруу үчүн ар кандай ыкманы пайдалануу менен товар өндүрүүчүлөр эрегиши. Н а р к т ы к А. ‒ товар өндүрүүчү товарын атаандашына караганда кыйла төмөнкү баада сатуу жолу. Н а р к т ы к э м е с А-та өндүрүүчү товардын сапатын жакшыртуу жолу менен эрегишет .