АТОНАЛДУУЛУК

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
01:07, 20 Февраль (Бирдин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
(а… ж-а тоналдуулук ) ‒ тоналдуулуктун жоктугун билдирүүчү муз. термин. Белгилүү бир тоналдык борборду (тоника ) угууга мүмкүн болбогон музыкага карата колдонулат. Термин хроматизмди интенсивдүү пайдалануу, диатониканын 7-баскычынан, мажор м-н минордон, консонанс ‒ тапшыруучу үч үндүктөн (к. Консонанс ж-а диссонанс ) баштартуу м-н, ошонун натыйжасында тоналдуулук тун тутумдаш системасынан, модуляциянын ж-а тоналдык пландын мүмкүнчүлүгүнөн да баш

тартуу м-н байланышкан муз. чыгарманы жаратуучу муз. түзүлүштүн чоӊ областын камтыйт. Эпизоддук жактан тоналдык белгисиздик романтикалык гармонияда кезигет. 19‒20-к. ченде муз. тилдин татаалданышынан улам Европада гармоникалык система пайда болгон. А-ту негизинен додекафония, пуантизм, экспрессионизм сыяктуу чыгармачыл агымдар түзөт. А. Шёнберг, А. Берг, А. Веберн ж-а бир катар муз. теоретиктер «А.» терминин так эместиги үчүн сындашкан.