АСЫЛ МЕТАЛЛДАР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:47, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span>, ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (2)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АСЫЛ МЕТАЛЛДАР ‒ дат баспаган, табиятта сейрек кездешүүчү металлдар. Аларга: алтын Au, күмүш Ag, платина Pt жана платина тобундагы (иридий Ir, осмий Os, палладий Pd, родий Rh, рутений Ru) элементтер кирет. Бекемдиги, туруктуулугу ‒ алардын асылдыгынын белгиси. М. В. Ломоносов металлды кенташтан хим. реактивдердин суудагы эритмесин колдонуп, бөлүп алууга негиз салган. Алтын көбүнчө валюталык металл катары, зергер буюмдарын жасоодо жана тиш салууда пайдаланылат. Күмүш дагы валюталык металл, бирок алтынга караганда техникада (өткөргүч, электр тиймеги ж. б.) көбүрөөк колдонулат. Платинадан атайын хим. идиш (платина тигелдери, чөйчөктөр) жасалат. Анткени ал 1200°С темп-рада да реакцияга кирбейт, салмагын өзгөртпөйт. Платинанын иридий куймасынан килограммдын үлгүсү ‒ эталон жасалган. Аны менен бардык өлкөлөрдө тараза текшерилет, о. эле фотосүрөттө, кинодо, электроникада, радиотехникада кеӊири колдонулат.