АСТАНА КӨРҮСТӨНҮ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:44, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span>, ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (3)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АСТАНА КӨРҮСТӨНҮ – байыркы археол. эстелик. Б. з. 3–8-к-ына таандык. Астана ш-нан 1–2 км батышта жайгашкан. Астана ш-нын атынан аталган. Астанадан 3–4 км чыгыш тарапта Карахожа көрүстөнү бар. Көрүстөндөр Жибек Жолунун боюнда болгондуктан, убактысы так белгиленген. Бул көрүстөндөр ж-дө маалыматтар кытай жазма булактарында Тан доорунан (7–10-к.) белгилүү. А. к. 695-ж. Чжан Хуайсу бейитине коюлган жазуудан белгилүү. Гаочандын түн.-батышынан орун алгандыктан, "эски түн.-батыш көрүстөнү", ал эми Караходжа көрүстөнү Сун Хуэйжендин мүрзөсүндөгү эпитафияга ылайык (663), “Түндүк кесене” аталган, анткени Гаочандын түн. жана түн.-чыгышында Гаочандын башкаруучуларынын мүрзөлөрү болгон. Көрүстөндөр 8 км аянтты ээлеп, 500гө жакын дөбө-мүрзөлөрдөн турат. Ар бир көрүстөн түбү таш төшөлгөн үңкүрдү элестетет, дубалдары ар кандай сүрөттөр менен кооздолгон, алардын катарында Конфуций дининин негизги постулаттары чагылдырылат. Анда кездемеге же кагазга түшүргөн Кытай улутунун ата-бабалары Фуси жана Нюйва, жарым-жартылай адамдар жана жылан түрүндөгү сүрөттөр ж. б. кезигет.
Ш. Керимова