АССИРИЯЛЫКТАР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:44, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span>, ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (4), а. и. → <span cat='ж.кыск' oldv='а. и.'>анын ичинде</span>) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АССИРИЯЛЫКТАР , с и р и й л е р, а й с о р л о р (чыгыш А. өздөрүн атурия, сурая, батышы сурьян деп аташат) ‒ эл, Жакынкы Чыгыштагы этностук жалпылык. Чыгыш А. (Иран, Түн. Ирак, Түн. Түркия, Россиядагы А.), Батыш А. (Сирия, Түш. Түркия) болуп бөлүнөт. Жалпы саны 3 300 миң киши (2011), анын ичинде Иранда 32 миң, Иракта 850 миң, Түркияда 15 миң, Сирияда 100 миң киши, о. эле Австралияда – 25 миң, Россияда — 11 084, Арменияда – 7 миң, Канадада — 7 миң, Ливанда 34 миӊ, Палестинада 4 миӊ, Израилде 0,5 миӊ, Кувейтте 4 миӊ, Грузияда 6,2 миӊ, Арменияда 3,4 миӊ, Азербайжанда 1,3 миӊ, Россияда 13,7 миӊ, Украинада — 3200, Грузияда — 2400кө чейин жетет. А. ассирия (жаӊы арамей, жаӊы сирия, сирия) тилинде сүйлөшөт. Христиан динин тутушат. Алар байыркы А-дын тукумдары. А-да 1-к-дан христиан дини тараган. Араб халифатынын доорунда (7-к.) ассириялык несториан чиркөөсү өнүккөн. 13-к-да Сириядан Кытайга чейинки аймакта 130 епископ, 25 митрополий патриархтын карамагында болгон. Азыркы мезгилде А-га негизинен ассириялык Чыгыш чиркөөсү (несториандык), сириялык яковиттик чиркөө (монофисттик) жана ассирий-халдей чиркөөсү таандык. 14-к-дын аягында Тимурдун басып алуусунун мезгилинде А. ислам динин кабыл алууга каршы чыгышкан жана өздөрүн аман сактап калыш үчүн Курдистан тоолоруна жашырынышып, Кипрге качышкан. 16-к-да А-дын көпчүлүгү Осмон империясынын аймагында жашашкан. 19-к-дын 40-ж-нда адабий ассирия тили иштелип чыккан. А. Россияга 1826‒28-ж. орус-иран согушунун мезгилинде көчүп келе баштаган. 1917-ж. Россиянын аймагында 50 миӊге жакын А. жашаган жана көпчүлүгү православие чиркөөсүнө өтүшкөн. А. дыйканчылык, мал чарбачылык жана балыкчылык менен кесип кылышкан. Аларда уруулук түзүлүш узак мезгил сакталып, князь (малики), старосталар (ришмат) башкарган. Учурда А-да орто бизнес, интеллигенциянын өкүлдөрү, ассирия лык эл аралык коомдук уюмдар пайда болуп, ассирия тилинде газета, журналдар чыгарылат. А-да жаӊы жыл, о. эле христиандык салттуу майрамдар майрамдалат.
Ад: Пигулевская Н. В. Культура сирийцев в средние века. М., 1979; Матвеев А. К., Матвеев К. П. Ассирийцы: история и этнография ассирийцев. М., 1990; Ассирийцы: фольклор. М., 1991‒1992. Кн. 1‒2.
Ш. Керимова