АСКЕРГЕ МИЛДЕТТҮҮЛӨРДҮН ЗАПАСЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:41, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (3), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span>) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АСКЕРГЕ МИЛДЕТТҮҮЛӨРДҮН ЗАПАСЫ– аскердик каттоодо турган, армиянын катарында милдетин өтөп келген же ар түрдүү себеп менен ага барбай калган, бирок согуш убагында жоокердик милдетин аткарууга жарактуу адамдар. Армия жана флоттун запасындагы 18–50 жаштагы жарандар аскерге милдеттүү деп саналат же армия менен флоттун катарында, мезгилдүү жыйындар аркылуу аскердик уюмдардан тышкары аскердик кызматтан өтөт, о. эле медициналык же башка атайын маалыматы бар аскердик каттого алынган 19–40 жаштагы аялдар да аскерге милдеттүү, алар окуу жыйындарына тартылып, өз ыктыяры менен аскердик кызматка кабыл алынышы да мүмкүн.