АСКЕР ПАРАДЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:41, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span>) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АСКЕР ПАРАДЫ--(лат. раго – даярдап жатамын, даярдоодомун) – мамлекеттик жана аскердик маанилүү окуялардын, расмий мааракелердин урматына согуштук техниканын коштоосунда аскерлердин салтанаттуу өтүүсү. Эң ири А. п-нын бири 1945-ж. 24-июнда Москвадагы Кызыл Аянтта фашисттик Германиянын үстүнөн болгон жеңиштин урматына өткөрүлгөн Жеңиш парады болгон. КРде мамл. маанидеги иш-чараларды белгилөөдө өлкөнүн куралдуу күчтөрүнүн катышуусундагы А. п. өткөрүлүп турат. 2006-жылдын 24-мартында Бишкек ш-нда борб. Ала-Too аянтында элдик революциянын жыл-

Ала-Too аянтындагы аскер парадынан көрүнүш.


дыгынын урматына салтанаттуу А. п. өткөрүлдү.