АСКЕР КЕМЕЛЕРИ
АСКЕР КЕМЕЛЕРИ– Аскер-деңиз флотунун
курамындагы, күжүрмөн же атайын стратегиялык-тактикалык милдеттерди аткарууга ылайыкталган кемелер. Деңизде каракчылык кылууга пайдаланылган каноэ, кийин тарыхый булактарда жазылып калган куралданган египет кемелери А. к-нин алгачкы түрлөрү катары саналат. Болжол менен б. з. ч. 2-миң жылдыктан 16-к-га чейин деңиздеги согуштук аракеттерде негизинен калактуу галералар пайдаланылган. Кийин Европада парустуу үч мачталуу кемелер тараган. 17-к-дан кемелерге замбиректер орнотула баштаган. Улам барган сайын өркүндөтүү менен 19-к-дын башында биринчи буу кемеси түзүлгөн. 1900-жылдары суу астында жүрүүчү кайыктар, Биринчи дүйнөлүк согуштун мезгилинде алгачкы авиа алып жүрүүчү пайда болгон. Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин суу астында жүрүүчү атомдук кайыктар ж-a атом энергиялык приборлор, ракета-ядролук куралдар орнотулган атомдук кемелер курулду. Азыркы А. к-не дизель, газ турбиналуу же атом кыймылдаткычтары орнотулган. Аткарган ишине жараша алар ракеталык, авиац., артиллериялык, торпедалык же миналык куралдар менен жабдылган. Аларды башкарууда абадагы, суу астындагы кырдаалга байкоо жүргүзүү үчүн радио-электрондук ж-a эсептеп чыгаруучу түзүлүштөр орнотулган. А. к. согуштук милдети, куралданышы ж-a сууга сыйымдуулугу б-ча бири биринен айырмаланган төмөндөгүдөй түрлөрү бар: ракета менен куралданган эсминецтер, ракеталык, торпедалык, ракета-торпедалык суу астындагы кайык, авиа алыпжүрүүчү, ракета-артиллериялык кеме, десант кемеси ж. б.