АТОМИСТИКА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
01:07, 20 Февраль (Бирдин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
а т о м и з м ‒ материянын үзүлмө (дискреттүү) түзүлүшү ж-дөгү окуу (атомдор, молекулалар ж. б. макробөлүкчөлөр). Материя үзүлмөлүү (дискреттүү) ж-а туташтык (үзүлбөгөндүк) биримдигинен тураарын түшүн

дүрөт. А. ж-дөгү окуу байыркы Индиянын филос. агымдарында берилген. Кийинчерээк Левкипп, Демокрит, Лукреций, Эпикур ж. б. антикалык философтор толуктап ж-а бир негизге келтиришкен. Алар атомдор бөлүнгүс, чектүү ж-а эӊ майда бөлүкчөлөр, ал бардан жок болбойт, жоктон бар болбойт деп эсептешкен. Атомдордун аздыгынан же көптүгүнөн, салмагынан, ылдамдыгынан ж-а бири-бирине болгон жайгашуусунан заттардын Ааламдагы чексиз түрлөрү түзүлөт деп түшүндүрүшкөн. А. идеясы экперименталдык табият таануу алкактарында, баарынан мурда химия м-н физикада ар тараптуу иштерди жүргүзүү үчүн кубаттуу колдоого ээ болгон. Атом түшүнүгүнүн өзү мурдагы каймана, үстүрт көрсөтүүлөрдөн арылып, химияда элемент тин хим. касиеттерин алып жүргөн ажырагыс бөлүгүн түшүндүрүп калды. Заттын бир же бир нече атомдордон турган эӊ кичине бөлүгүн молекула деп аташты. А. табият таануунун кыйла фундаменталдуу проблемаларын чечүүгө жол ачты. Макротелолордун касиеттерин ж-а закондорун билүү м-н атомдордун ж-а молекулалар дын касиеттерин, кыймылын жөнөкөй жол м-н түшүндүрүүгө боло тургандыгы аныкталды (хим., реакциялардын табияты, жылуулуктун молекулалык-кинетикалык теориясы. Физиканын статистикалык закондору ж. б. у. с.). Энергиянын нур чыгаруу, жутулуу процесстеринин ж-а фотоэффекттин үзүлмө мүнөзүнүн ачылышы мүмкүндүк берди, аларда болсо кванттык талаалар атомдор сыпатында каралат.
Г. Т. Ботоканова.