АРХЕОЛОГИЯЛЫК МУЗЕЙЛЕР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:36, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (7), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (20)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АРХЕОЛОГИЯЛЫК МУЗЕЙЛЕР– археол. табылгалар сакталуучу жана көргөзмө өткөрүлүүчү ил. мекеме. А. м. адамзат коомунун өнүгүшүн чагылдырган материалдык жана руханий мад-т эстеликтерин чогултуп, сактайт жана изилдейт. А. м-дин коллекциялык, мемориалдык, тарыхый-археол. ж.б. түрлөрү бар. А. м-дин коллекциялык түрүнө ачык асман алдындагы музейлер (байыркы шаарлар менен калктуу конуштар ж.б.) таандык. Алгач бул түшүнүк искусство жана илим чөйрөсүндөгү объектилердин (экспонаттардын) коллекциясын билдирсе, 18-к-дан экспонаттар жайгашкан имаратты камтыган. 19-к-дан музейлерде изилдөө иштери башталган. 1946-ж. музейлердин ишин колдоо жана өнүктүрүү максатында ICOM (Эл аралык Музейлер кеңеши) эл аралык уюму Парижде түзүлгөн. Учурда бул уюмга кирген 165 мамлекеттин 30 миңдей мүчөсү үч жылда бир жолу жолугушат. ЮНЕСКО жана башка эл аралык уюмдар менен тыгыз иштешет. Биринчи А. м. (мусейон) билим берүү мекемеси катары Птолемей I тарабынан Александрияда (Египет) б. з. ч. 290-ж. негизделген. Музейге жашоо бөлмөлөрү, ашкана, окуу залы, ботан. жана зоол. бакчалар, обсерватория жана китепкана кирген. Кийинчерээк, ага мед. жана астрон. куралдар, жаныбарлардын катырылган кептери (чучела), айкелдер жана бюсттар кошулуп, окутуу үчүн көрсөтмө курал катары колдонулган. Музей мамлекет тарабынан каржыланган. Б. з. ч. 1-к-да музейдин китепканасында 750 миңден ашык кол жазмалар сакталган. Б. з. ч. 2-к-да антикалык Грециянын ибадатканаларында Кудайларга арналган айкелдер, сүрөттөр ж. б. искусство чыгармалары болгон. Кийинчерээк, буга байыркы Римде, шаар бакчаларында, Рим мончолорунда жана театрларында жайгашкан сүрөттөр жана скульптуралар кошулган.
Б. з. ч. 2-миң жылдыктын башында Кытайдын жана Япониянын ибадатканаларында жерг. колдонмо иск-восунун чыгармаларынын коллекциялары пайда боло баштаган. Өзгөчө баалуу коллекция – Сёсоин Нарадагы ибадатканада өркүндөтүлгөн. О. кылымдарда көркөм чыгармалар (зергерчилик буюмдар, айкелдер жана кол жазмалар) жана согуштан түшкөн буюмдар монастырлар менен чиркөөлөргө экспонат катары коюла баштаган. Кайра жаралуу доорунда Флоренцияда скульптуралар менен сүрөттөрдү дворецтерге жайгаштыруу модага айланган. 1581-ж. Флоренциянын герцогу Франческо I Медичинин демилгеси менен атактуу Уффизи галереясы пайда болгон. 1719-ж. Петербургда биринчи коомдук музей – Кунсткамера (азыркы Улуу Пётр атн. Антропология жана Этнография музейи) бояр Александр Кикиндин үйүндө уюшулган. 1750-ж. Парижде Люксембург дворециндеги сүрөттөр, 1753-ж. Лондондогу Британ музейи, 1793-ж. Франциядагы Лувр музейи, 1852-ж. Эрмитаж коомдук музейи ачылган. Археологиянын өнүгүшү менен музейлер адистештирилип, 19-к-дын башында А. м. пайда болгон. Римдеги Улуттук жана Археол. музей, Неаполдогу Улуттук музей, Афины улуттук археол. музейи, Сен-Жермен-ан-Лэдеги Франциянын улуттук байыркы музейи, Оксфорддогу Эшмола музейи, Каирдеги Египет музейи ж. б. айтууга болот. Россияда 1800-ж-дын башында Николаев, 1811-ж. Феодосия, 1825-ж. Одесса, 1826-ж. Керч, 1840-ж. Петербург ш-нда жана Россия ун-ттеринде археол. музейлер түзүлгөн. А. м-дин түзүлүшүнө казуу иштерин жүргүзүп, баалуу археол. коллекцияларды чогулткан ил. коомдордун иш-аракеттери түрткү болгон. Кырг-нда 1925-ж. алгачкы М. В. Фрунзе мемориалдык музей-үйү, 1926-ж. Кырг-ндын Борбордук музейи (азыркы Мамлекеттик тарых музейи) негизделген. Бул музей Борбор Азиядагы эң ири музейлердин бири. Музейде А. Н. Бернштамдын демилгеси менен тарыхый-археол. бөлүм ачылган. Бөлүмдө Саймалуу-Таш капчыгайынын аска таш сүрөттөрү (б. з. ч. 1-к-дын башы – б. з. 8-к.), коло дооруна таандык археол. казуулардан табылган курал-жарактар жана турмуш-тиричилик буюмдары, сактардын "айбанаттар үлгүсүндө" алтын фольгадан жасалган майда кадак-топчулар, Чүй өрөөнүндөгү Шамшы көрүстөнүнөн табылган алтындан жасалган кооз көркөм буюмдар ж. б. кирет. О. эле түрк каганаттарынын дооруна (6–20-к-дар) таандык таш айкел коллекциялары, Таластын таш рун жазмалары, курал-жарактары, чоподон, айнектен, металлдан жасалган буюмдары, тыйын табылгалар ж.б. эсептелет. 1960-ж. өлкөбүздүн борборунда Н. М. Пржевальскийдин мемориалдык музейи, андан кийин Г. Айтиевдин мемориалдык музей өнөрканасы, О. М. Мануйлованын, Т. Сатылгановдун, С. А. Чуйковдун, А. Токомбаевдин, С. Чокморовдун жана Исхак Раззаковдун мемориалдык үй-музейлери уюштурулган. О. эле Чолпон-Ата ш-ндагы Ысык-Көл мамл. тарых-маданий корук-музейи, Ош ш-ндагы «Сулайман-Тоо» улуттук тарых-археол. музей комплекси, Чүй өрөөнүндөгү «Бурана» музей мунарасы, Тогуз-Торо өрөөнүндөгү Саймалы-Таш корук-музейи, Ысык-Көл өрөөнүндөгү Рух-Ордо музейи, Нарын мамл. коругу, Ат-Башы аймагындагы Таш-Рабат, Кошой-Коргон эски шаар калдыктары, Ош тарых-маданий корук музейи, Бишкек ш-ндагы «Ата-Бейит» мемориалдык комплекси, Жалал-Абад өрөөнүндөгү Шах-Фазиль музейи, Бишкек ш-ндагы Айкелдер музейи, Чүй өрөөнүндөгү «Красная Речка» (Невакет), «Ак-Бешим» (Суяб) шаар калдыктары ж. б. айтууга болот. Кийинки жылдары суу астында музейлер пайда болууда. Түркиядагы Бодрум суу астындагы археол. музейи, Норвегиялык деңиз музейи ж.б. 2017-ж. 12–15 м тереңдикте Атлантико музейи ачылган. Ланзарот а-нда (Канар а.) курулган. О. эле Россияда жана Украинада да суу музейлери бар. Кыргыз улуттук агрардык ун-тинде Борбор Азиядагы алгачкы суу музейи ачылган.
Ш. Керимова