АРКТИКАЛЫК РАСА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:30, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span>, ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span>) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АРКТИКАЛЫК РАСА (эскимос расасы) – монголоид расасынын курамындагы кичи раса. Евразиянын (Камчатка, Чукотка) түн.-чыгыш зонасында, Түн. Америкада (Аляска, Түн. Канада) ж-a Гренландияда (эскимос, алеут, чукча, коряк, ительмендер) кеңири тараган. А. р. Американоиддик раса, Чыгыш Азия (ыраакы чыгыш расасы) тынч океандык монголоиддер жана Азия (түндүк азия расасы) аймактарындагы монголоиддердин аралашуусунан пайда болгон өткөөл раса. Алар булчуңдуу келип, түндүказиялык монголоиддерден шыңга бойлуу, денелери кара тору, беттери жайык, эриндеринин калыңдыгы менен айырмаланат.