АРАМЕЙЛЕР
АРАМЕЙЛЕР– батыш семит тилдеринде сүйлөгөн Алдынкы Азиядагы байыркы семит эли. Б. з. ч.миң жылдыктын ортосунда Аравия ж. а-нын
түн.-чыгышын мекендешкен. Болжол менен б. з. ч. 1360-ж. ассириялык-вавилондук жазма булактарды Дильмундун (Бахрейндин) коңшулары ка-
тарында эскерилет. 1350-жылдары А. түн.-батышка журт которуп, жаңы ээлеген аймактарда эки жамаатты негиздешет. Алардын ахламейлер деп аталган бир бөлүгү Евфраттын ортоңку бөлүгүндө отурукташкан. Б. з. ч. 14-кдын экинчи жарымы – 11-к-дын башында ахламейлер бир нече жолу ассириялыктар менен согушушкан. «А» деп аталган экинчи бөлүгү ахламейлердин түш. бөлүгүнө жайгашып, Сирия, Палестинанын чегине чейин, б. з. ч. 3-к-дын аягында, египеттик булактарда «Арамейлер өлкөсү» деп аталган Дамаск оазисин жана ага чектеш Түш. Сириянын аймактарын жердеп калышкан. Б. з. ч. 11-к-да мында Түш. Сириялык: Арам-Дамаск, Арам-Цоба, Бет-Рехов ж. б. арамей падышалыктары түзүлгөн. Б. з. ч. 11-10-кдын чегинде А. тектеш ахламейлерди ассимиляциялоо менен бүткүл Чыгыш Месопатамияны ээлешкен. Б. з. ч. 10-к-дын башында Түн. Сирияда Самаль жана Арпад аталган жаңы арамей падышачылыктары жана Жогорку Месопотамияда арамей бирикмеси түзүлгөн. Б. з. ч. 920-
855-ж. ассириялык падышалар Жогорку Месопатамиялык бардык А-ди багындырышкан, ал эми 732-ж. Арам-Дамаск падышалыгынын кулашы менен сириялык А. Ассирия державасынын курамына кирген. 7-к-дагы араб басып алууларынын башталышына чейин А. Алдынкы Азиядагы маанилүү роль ойногон этностордун бири болуп, арамей тили Жакынкы Чыгыштагы эл аралык жана маданий карым-катнаштардын тили катары пайдаланылган. Азыркы ассириялыктар өзүлөрүнүн түпкү тегин А-ден келип чыккан деп эсептешет.