АРАЛЫК АНЫКТАГЫЧ
Jump to navigation
Jump to search
АРАЛЫКТЫ АНЫКТАГЫЧ– аралыкты ченебестен эле аныктоочу аспап. Ал аралыкты оптиканын жардамы менен автоматтык түрдө жогорку тактыкта көрсөтөт. Оптикалык А. а. менен аралыкты аныктоо бир жагы (АВ) белгилүү болгон (к. чийме)тең капталдуу үч бурчтуктун (ABC) бийиктигин табуу маселесине негизделген
. Ал артиллерияда, фотоаппараттарда жана геодезияда колдонулат. Аралыкты радио жана жарык толкундарынын таралыш ылдамдыгы б-ча да аныктоого болот. Бул куралдар радиолук жана жарыктык А. а. деп аталат. Алар астрономияда, геодезияда (триангуляцияда ж. б.) пайдаланылат.
