АРАКЕТ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:52, 24 -октябрь (Тогуздун айы) 2023 карата Dilde (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АРАКЕТ, м е х а н и к а д а – системанын динамикасын толук аныктоочу физикалык чоңдук. Меха­никада А. системанын абалын мүнөздөгөн өзгөрмө чоңдуктардын функциясы катары аныкталат. Система А-инин негизги касиети анын эки абалынын арасындагы системанын мүмкүн болгон кыймылынын кээ бир жыйнагы каралса, анда системанын чыныгы кыймылы мүмкүн болгон кыймылдан айырмаланат. Бул мех. системанын кыймылынын теңдемесин туюнтууга жана бул кыймылды үйрөнүүгө мүм­күндүк берет. А. түшүнүгү классикалык механикадан тышкары серпилгичтүүлүк теориясында, электр-динамикада, термодинамикалык кайтарылма процесстерде, кийинки учурда теориялык физиканын талаа теориясын түзүүдө физикалык чондук ка­тары колдонулат. Ал эми динамикалык тендемелер болсо механиканын вариациялык принцибинен чыгарылат. Квант теориясында А-тин өлчөмдүүлүгү бар физикалык чоңдуктар дискреттүү маанилерди гана алышы мүмкүн. Квант теория­сында системанын абалы гильберт мейкиндигинин векторлору менен берилет, ал эми динами­калык өзгөрмөлөр катары операторлор колдо­нулат.