АРАБА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:18, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (5), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (8)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АРАБА – жүк жана жүргүнчү ташуучу, дөңгөлөктүү чарбалык унаа. Алгач согуш ишинде транспорт, кийин жол жүрүүгө, жүк ташууга, о. эле көчмө турак жай катары да колдонулган. Археол. изилдөөлөрдүн негизинде Вавилон аймагындагы байыркы Киш ш-нын (азыркы Охеймир ш., Ирак) ордунан, шумерлердин шаар-мамлекети Урумдан (Ур, азыркы Тель-Мукаяр ш.,Ирак), Кавказдан ж. б. жерлерден аскердик

АРАБА 22.png

А-дын калдыктары табылган. Алар б. з. ч. 3-миң жылдыктын акырында, балким андан да мурда колдонулган. Аскердик А-лар чыгыштагы байыркы мамлекеттерде (Ассирия, Персия, Кытай, Индостан ж. б.) согуш мезгилинде кенен пайдаланылган. Алардын бир нече түрү бол­гон. Жалгыз же эки ат чегилген кош дөңгөлөктүү А-да эки аскер – арабакеч жана найза, кылыч, саадак менен куралданган аскер – жоокер отурган. Төрт ат чегилген төрт дөңгөлөктүү А-га курал-жарактар жүктөлгөн, аттарга соот жабылган. Мындай А-лар алдыңкы катарда, жөө аскерлер алардан кийин жүргөн. Тарыхый жазма маалыматтарга жана Алтайдагы дөбө-мүрзөлөрдөгү табылгаларга караганда байыркы түрк тилдүү көчмөн уруулар (сак-скифтер) бир жерден экинчи жерге көчкөндө, жазында жаздоого, жайында жайлоого, күзүндө күздөөгө, кышында кыштоого жеңил жана жүк А. менен көчүп конгон. Жеңил А-га кош ат, жүк А-га кош өгүз чегилген. 568-ж. Батыш түрк кагандыгында болгон Византия элчиси Земарх кагандын жибек кездемелер менен асемделин жасалган чатыр ичинде, дөңгөлөктүү бийик тактага отуруп кабыл алгандыгын жана үстү жыгачтан жасалып, ичи кийиз менен капталган, терезеси бар дөңгөлөкөк­түү үйү жана кийизден жасалган түрк А-сы бар экенин жазат. Абу-Абдаллах Мухаммед Ибн Бат­ (14-к.), кыпчактарда төрт дөңгөлөктүү А. жасалып, ага эки же бир нече ат чегилээрин, жыгачтан жасалган ар түрдүү үстү жабык А-лар да болорун, анын ичине уктоого да, тамак ичүүгө да ылайыктуу экендигин, көчкөндө кыпчак аялдары ушундай А-га отуруп, эркектери ат минерин айткан. Скифтер тууралуу Гиппократ: «Алар төрт же алты дөңгөлөктүү, кийиз менен каптал­ган, үй сыяктуу курулган боз үйлөрдө жаша­ган. Андан жаан да, күн да, жел да өтпөйт. Бул үстү жабык А-лар өгүзгө чегилет» – деп эскерет. О. Азия жана Жакынкы Чыгыш элдеринде жүк ташуу үчүн дөңгөлөктөрүнүн диаметри 2 жге чейин жеткен кош дөңгөлөктүү А-ды пайдаланышкан.­

АРАБА 23.png

Ал эми жеңил А-лар жол жүрүүгө арналган. Ушул сыяктуу А-лар Европанын түштүгүндө, Кавказ, Түркия, Испания, Индия, Мон­голия ж. б. мамлекеттерде кеңири тараган. Учур­да кош дөңгөлөктүү жана төрт дөңгөлөктүү А-лар негизинен чарба иштеринде, ал эми жеңил А-лар эс алуу жайларында, циркте ж. б. колдоо­нулат.
Ш. Керимова.