АТМОСФЕРАЛЫК ЭЛЕКТР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
01:07, 20 Февраль (Бирдин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
 ‒ 1) атмосферадагы электр кубулуштары м-н процесстеринин жы

йындысы; 2) атмосфера физикасынын атм-дагы электр кубулуштары м-н касиеттерин изилдөөчү бөлүгү. А. э. атм-дагы электр талаасын, молекулалардын иондошуусун, өткөргүчтүгүн, андагы электр тогун, көлөмдүк заряддарды, булуттар м-н жаан-чачын заряддарын, чагылганды ж. б. кубулуштарды изилдейт. А т м о с ф е р а- д а г ы э л е к т р т а л а а с ы. Аны тропосфе радагы булут, жаан-чачын, туман, чаӊ ж. б. электр м-н заряддалып пайда кылат. Жер терс (өлчөмү 3.105к), атм. жалпысынан оӊ заряддал ган. Бирок жаан-чачында, бороондо, айрыкча чагылгандуу жаанда электр талаасынын чыӊалуу багыты ж-а чоӊдугу кескин өзгөрүлүп, кээде 1000 В/мге жетет. Электр талаасынын чыӊалуусу ортонку кеӊдикте жогорку деӊгээлде болуп, Түн., Түш. уюлдарда төмөндөп, убакытка карата өзгөрүп турат. А т м о с ф е р а н ы н э л е к т р ө т к ө р г ү ч т ү ү л ү г ү. Ал атмосферанын электрдик абалы, анын электр тогун өткөрүшүнө байланыштуу. Ал атм-да иондордун, б. а. заряддуу бөлүкчөлөрдүн болушу ж-а алардын кыймылы м-н түшүндүрүлөт. Абанын электр өткөргүчтүүлүгүн атм-дагы бардык эле иондор пайда кылат, бирок оор иондордун кыймылы жеӊилдерине караганда бир канча эсе жай болгондуктан, алардын өткөргүчтүгү начар болот. Аба канчалык таза болсо, же деӊиз деӊгээлинен канчалык бийик турса, электр тогун ошончолук жакшы өткөзөт. Анткени мында иондор көбөйүп, алардын кыймылдоосу артат. Атм-нын электр өткөргүчтүүлүгү өтө кичине, аны жакшы изолятор өткөргүчтүүлүгү м-н салыштырууга болот. Жер үстүндөгү абанын электр өткөргүчтүүлүгүнүн орт. мааниси 2.10‒14 сим/м. Космостук нурлар, радиоактивдүү заттардын нурлануусу, Күндүн ультра-кызгылт көк ж-а корпускулярдык нуру ‒ атм-нын негизги иондоштургучтары. Электр талаасынын чыӊалуусунан иондор козголуп, атм-да төмөн карай тик багытталган электр тогу пайда болот. Бүткүл жер бети б-ча анын өлчөмү 1800 Аге жетет. Бир чагылгандуу булуттан Жерге түшкөн токтун күчү орто кеӊдиктерде 0,01‒0,1 А, экваторго жакын аймактарда 0,5‒1 Аге чейин болот. Булуттар дын өзүндөгү токтун күчү Жерге өткөн токтун күчүнөн 10‒100 эсе чоӊ. Жер шарында бир эле мезгилде 1800гө жакын чагылган болуп, андагы токтун күчүнүн жалпы суммасы 1000 Аге чейин жетет.
Ад.: Тверской П. Н. Атмосферное электричество. Л., 1949.